Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Киевге жасалган чабуулдун мизи кайтарылды


Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн дрондордун жарыгы. 30-июль, 2024-жыл.
Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн дрондордун жарыгы. 30-июль, 2024-жыл.

Украинанын абадан коргонуу системасы 31-июлдун таңында Киевге чабуул койгон орус армиясынын 30дан ашуун дронун атып түшүрдү. Баш калаанын аскердик администрациясы кол салууну "2024-жылдын эң ири жапырт аба чабуулу" деп атады.

Коркунуч тууралуу сиреналар жети сааттан ашуун жаңырып турду. Дрондордун чабуулу шаардын туш тарабынан жасалганын Киевдин аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул соңку бир айдан бери Киевге жасалган жетинчи ири аба чабуулу.

"Азыркы учурга карата, оперативдик эсептердин жыйынтыгында Киевде жабыркагандар жок", - деп жазды Попко.

Украин баш калаасына 8-июлда жасаган ири аба чабуулда "Охматдет" ооруканасы талкаланган. Анда орус армиясы балдар ооруканасына канаттуу ракета менен сокку урганы кабарланган. Андан тышкары менчик төрөт үйү жана бир катар жарандык объектилер талкаланган. Ондогон жайкын тургундун, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылган. Жүздөн көп киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG