Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:00

Иран ХАМАСтын лидеринин өлүмү иликтенерин билдирди


Исмаил Хания
Исмаил Хания

Ислам революциясынын сакчылар корпусу Иран баш калаасына жаңы президент Масуд Пезешкиандын 30-июлда өткөрүлгөн инаугурациясына катышуу үчүн барган 62 жаштагы Исмаил Ханияга жасалган кол салуу тыкыр иликтенерин билдирди.

Буга чейин аталган корпус ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун саясий лидери Тегеранда өткөрүлгөн Израилдин рейдинин маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Кол салуунун чоо-жайы тактала элек. Ирандын колдоосуна ээ ХАМАС радикал уюму Ханиянын өлүмү тууралуу 31-июлда өз телеграм-каналы аркылуу кабарлады. Анда Хания “Тегерандагы резиденциясына жасалган аба соккудан” набыт болгону жазылат.

Израил тарап азырынча маалыматты бышыктай элек.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас кол салууну айыптап, аны “коркоктук актысы жана окуялардын кооптуу өнүгүшү” деп атаганын палестиндердин WAFA өкмөттүк агенттиги жазды.

Бир нече мамлекет кол салууну айыпташты. Алардын ичинен Орусия “кабыл алынгыс саясий киши өлтүрүү” деп атаса, Түркия бул окуя Газа тилкесиндеги Израил менен ХАМАСтын согушун дагы узартарын эскертти.

Ханиянын өлтүрүлүшү Вашингтон ХАМАС менен Израилдин ортосунда убактылуу ок атышууну токтотуп, хамасчылардын барымтасындагы туткундарды бошотуп алуу макулдашуусуна жетишүү аракетин көрүп жатканда болду. Ал сүйлөшүүлөр Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен өтүүдө.

Хания көп жылдардан бери Катарда жашачу.

XS
SM
MD
LG