Президент Жапаров административдик - аймактык реформа мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтына 19-июлда жарыяланды.

Административдик-аймактык реформа жүргүзүүнү шарттаган мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган.

“Алсак, бул мыйзам менен Кыргыз Республикасында ирилештирилген административдик-аймактык бирдиктерди түзүү жана алардын административдик чек араларын бекитүү каралган. Жалпысынан 235 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын администрациялык чек аралары бекитилет”, - деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңеш 13-июнда административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алган. 20-июндагы жыйында долбоор суроо-талкуусу жок дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган.

Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

Дагы караңыз

Даккада студенттердин нааразылык акциясында ондогон киши каза болгону кабарландыСириядан дагы 22 киши Кыргызстанга алынып келиндиДин комиссиясы диний лагерлердин жабылышы боюнча түшүндүрмө бердиПрезидент Жапаров кыргыз-өзбек мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты