Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Президент Жапаров кыргыз-өзбек мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 18-июль.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 18-июль.

Президент Садыр Жапаров 18-июлда Ташкенттеги мамлекеттик сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну, инвестиция жана энергетика, айыл чарба башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Садыр Жапаров эки мамлекеттин мамилесин жогору баалап, кыска убакыттын ичинде жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Мамлекеттик чек ара маселелери чечилди, экономика, энергетика, транспорт, гуманитардык жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлор жигердүү илгерилөөдө, парламенттер аралык жана региондор аралык кызматташтык күч алууда. Өзбекстан менен көп пландуу кызматташтыкты бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын эч талашсыз артыкчылыктуу багыты болуп саналат”, - деди Жапаров.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү жакынкы жылдары өз ара сооданы эки эсе көбөйтүү максатын койгонун, эки тарап ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу аракети уланып жатканын кошумчалады.

Жапаров жаңы демилгеленген жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолуп, Камбар-Ата ГЭС-1, Чаткал дарыясындагы ГЭС, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, “Чаткал-Ташкент” багытындагы автожолдордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчы Ноокат районундагы селден жабыр тарткан кыргызстандыктарга жөнөткөн гуманитардык жардамы үчүн өзбекстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Бул сапардын алкагында эки мамлекет башчысы Москва районунда унаа чогултуучу заводду расмий түрдө ишке киргизишти.

Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы кездеме жана тигүү-трикотаж буюмдарын чыгаруучу заводу ишин баштады. Комбинат жылына 17 миң тонна трикотаж кездеме жана 7 миллион даана трикотаж продукциясын чыгарууга ыңгайлашкан.

Мындан тышкары Өзбекстандын Фергана жана Наманган облустарында ар биринин кубаттуулугу 200 мегаватт болгон эки фотоэлектр станциясынын курулушу башталды.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен 18-июлда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барды. Анын алкагында Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү, бизнес-форум, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйындары белгиленген.

XS
SM
MD
LG