Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Сириядан дагы 22 киши Кыргызстанга алынып келинди


Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Архив
Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Архив

19-июлда Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлеринде жүргөн 22 кыргыз жараны Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 8и аял киши жана 14ү балдар. Аларды мекенине кайтаруу АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында ишке ашты.

Февраль айында Кыргызстан “Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы эки лагерден 99 жаранын алып келгенин кабарлаган. Алардын ичинен 28и аял жана 71и - балдар. Акыркы бир жылда ушундай төрт миссиянын алкагында Сириядан Кыргызстанга 400дөн ашуун жаран келгени айтылган.

Өкмөт ага чейин, 2021-жылдын март айында "Мээрим" деп аталган гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен дагы 79 баланы алып келген.

Сириядан жана Ирактан келген аялдар менен балдарды реабилитациялоо Социалдык камсыздоо министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстанга кайтып келгендер менен атайын борбордо эки-үч ай аралыгында психологдор, теологдор, социалдык жана медициналык кызматкерлер иштешет.

Атайын кызматтын 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

XS
SM
MD
LG