Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Даккада студенттердин нааразылык акциясында ондогон киши каза болгону кабарланды


Даккада студенттер менен полициянын кагылышы.
Даккада студенттер менен полициянын кагылышы.

Бангладештин борбору Дакка шаарында нааразылыкка чыккан студенттер менен полиция кызматкерлеринин кагылышынан ондогон киши каза болуп, жүздөгөн адам жараат алды. Би-би-си басылмасы BTV мамлекеттик телеканалынын имараты күйүп кеткенин жазды. Бангладештин бийлиги бул имаратты нааразылыкка чыккан студенттер өрттөгөнүн билдирди.

Телеканалдын расмий баракчасына имараттын ичинде адамдар кармалып турганы, алар сыртка чыга албай жатканы тууралуу билдирүү жарыяланды. BTV каналынын жетекчилиги жардам сурап, өрт өчүрүү кызматына кайрылган.

Бангладештин маалымат министри телеканалдын берүүлөрү токтогонун, кызматкерлердин көбү имараттан чыгып кеткенин маалымдады.

Студенттер 1971-жылдагы Пакистандан көз карандысыздык алуу үчүн согуштун ардагерлеринин жакындарына мамлекеттик сектордогу жумуш орундарынын үчтөн бирин берүүнү кепилдеген системаны өзгөртүүнү талап кылып көчөгө чыгышкан.

Бейшембиде бийлик өлкө боюнча уюлдук интернетти өчүрүп, нааразылык акциялардын жайылышын чектөөнү көздөгөн. Полиция студенттерге каршы көздөн жаш агызуучу газдарды, желим окторду колдонгон.

BTV каналынын өкүлүнүн айтымында, телекомпанияга кол салган студенттер буга чейин полициянын имаратын өрттөгөн.

“Алар BTV каналынын имаратына бекинген полиция кызматкерлерин кууп чыгышты. Жаалданган демонстранттар имаратты талкалап салышкан”, - деди телеканалдын кызматкери Франс-пресс агенттигине.

XS
SM
MD
LG