Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Дин комиссиясы диний лагерлердин жабылышы боюнча түшүндүрмө берди


УКМК тараткан архивдик сүрөт. Бул жаңылыкка тиешеси жок.
УКМК тараткан архивдик сүрөт. Бул жаңылыкка тиешеси жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жайкы диний лагерлердин жабылып жатышы боюнча түшүндүрмө берди. Комиссиянын өкүлү Айбек Иминов түшүндүргөндөй, балдарга диний таалим-тарбия берүү диний ишмердүүлүк катары саналат, бул ишти алып баруу үчүн мыйзамда талаптар коюлган.

“Жарандар же юридикалык жактан диний ишмердик кылуу үчүн Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өтүүсү зарыл. Жабылып жаткан лагерлер мыйзам талабын аткарбаганы аныкталып, ишмердигине чектөө коюлуп жатат. Мында мамлекет тарабынан диний таалим-тарбияга эч кандай тоскоол жок, болгону мыйзам талаасында иш алып баруу керек”, - деди Иминов.

Ал ошондой эле диний лагерлердин көбү Ислам дини багытында экенин, бул үчүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу кабыл алынганын белгиледи. Бул документтин негизинде Дин иштери боюнча комиссиянын эсептик каттоосунан өткөн диний уюмдар жана окуу жайлар лагерлерди уюштурууга укуктуу.

Иминов ата-энелер балдарын диний лагерлерге берүүдө жогорудагы маалыматтарды тактап коюусу керектигин белгиледи.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети июнь айында Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жана Лейлекте аялдар менен кыздарга диний билим берген мекеме жабылганын билдирген.

Атайын кызмат акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер калк арасында кеңири жайылганын, арасында түрдүү салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары шектүү окуу борборлорун жана лагерлерди мыйзамсыз иштетип жатканын маалымдаган.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.

XS
SM
MD
LG