Өрнөктөгү жол кырсыгында жараат алган эки бала кайтыш болуп калды, биринин абалы оор

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы жол кырсыгына кабылган дагы эки бала каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жибек Жайлымышова билдирди.

"Түндө 9 жаштагы эгиздин түгөйү каза болгон, эртең менен 14 жаштагы өспүрүм кайтыш болду. Буга чейин эгиздердин бири кырсык болгон жерде мүрт кеткен", - деди Жайлымышова.

Анын айтымында, Ысык-Көл райондук ооруканасында жаткан 12 жаштагы баланын абалы оор.

Бул жол кырсыгында Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси (68 жашта) жана анын тогуз жаштагы небереси (эгиздин түгөйү) каза тапкан. Милициянын маалыматына караганда, алар түшкөн "Тойота-Авенсис" машинесинде жубайлар жана алардын төрт небереси болгон.

Милиция кырсык "Тойота" автоунаасы кайрылып жатканда "Мерседес-Бенц-210" машинеси сүзүп кеткенин, аны 20 жаштагы айдоочу башкарып баратканын билдирген.

"Мерседестеги" эки киши жараат алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.

"Азаттык" радиосунун жамааты Аида Касымалиева жана анын жакындарына бул оор жоготуу үчүн көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Дагы караңыз Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева жол кырсыгында каза болду

Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, бул аралыкта 1200гө жакын жол кырсыгы 80ден ашуун адамдын өмүрүн кыйды. Былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгында 783 адам каза болгон. (AsK)

Дагы караңыз

Орбандын Москва сапары Еврокомиссияда сынга кабылды Лавров Орусия АКШ президенттигине ким келсе да, баары менен иштешүүгө даяр экенин айтты11 журналисттин иши: Эксперт алардын сөзүн башаламандыкка чакыруу катары бааладыЧолпон-Атада машине коюп кеткен жол кайгуул кызматкери ооруканага түштү