Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Орбандын Москва сапары Еврокомиссияда сынга кабылды


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Орусияга Украина маселесин талкуулоо үчүн барганын сындап, анын Москва сапарын “жоошутуу миссиясы” деп атады.

“Бул тынчтык орнотуу максатында деп жарыяланып жаткан миссия жөн гана жоошута туруу миссиясы болуп калды. Орусия Европа жана Батыш позициясын жумшартат деп ойлоп жатат. Европада кээ бирлер ошого карата өз алдынча оюн жүргүзүүдө”, - деп айтты ал 18-июлда Европа парламентинде сүйлөгөн сөзүндө.

Өткөн аптада Ляйен уюмдун коллегиясынын Венгрияга пландалган сапарын токтотуп, Евробиримдик Кеңешинин бул өлкөнүн төрагалыгы менен өтүүчү бейформал жыйындарына катышуу деңгээлин төмөндөткөн.

Европа Биримдигиндеги жарым жылдык төрагалык кезек 1-июлда Венгрияга тийген. Венгр өкмөтүнүн башчысы Виктор Орбан дароо Украинага, андан кийин Москвага барып, сүйлөшүү жүргүзгөн соң Кытайга да барган. Бул сапарларын ал өзү «тынчтык орнотуу миссиясы» деп атаган. Бирок Еврошаркеттин расмий өкүлдөрү жана АКШ Орбанды бул уюмдун атынан барган өкүл катары кароо туура эместигин эскертишкен. АКШ администрациясы Москвадагы сүйлөшүү Украинада тынчтык орнотууга алып келе тургандай жыйынтык бербегенин белгилеген.

Орбан Москвага барып, Путин менен жолугушкандан бир нече күн өтпөй Украинанын аймагы, анын ичинде балдар ооруканасы бомбаланган, ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Киев бул үчүн Орусияны айыптап, далилдерин жарыялаган.

Бээжинге барганда Орбан Кытайдын башчысы Си Цзинпиндин Украина боюнча “тынчтык планын” жогору баалаган. Европа Биримдигинин жетекчилиги аны “эл аралык укук нормаларынын тандалма чечмелениши жана агрессор менен анын курмандыгынын ортосундагы чектин бүдөмүктүгү” деп сындаган.

Расмий Будапешт Орбандын бул сапарлары эки тараптуу дипломатия алкагында гана уюштурулганын билдирген. Анткен менен бул сапарлардын убактысы, тандалып алынган өлкөлөр жана Венгриянын Евробиримдиктеги төрагалыгынын расмий логотибинин колдонулушу кыянаттык жана лоялдуулуктун жоктугу катары кабыл алынып, айыптоо жаратууда.

Урсула фон дер Ляйендин соңку чечимине ылайык, Брюссель Будапешттин Евробиримдиктеги төрагалык мөөнөтү аяктаганга чейин уюштура турган жогорку деңгээлдеги көптөгөн иш-чараларына катышпайт.

Венгриянын ЕБ иштери боюнча министри Янош Бока Будапешт «жалпы проблемаларды» чечүү үчүн «чын ыклас кызматташтыгына» дагы эле үмүттөнөрүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG