Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Лавров Орусия АКШ президенттигине ким келсе да, баары менен иштешүүгө даяр экенин айтты


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусия АКШда президенттикке ким шайланып келсе да, “тең укуктуу жана бири-бирин сыйлаган диалогго" катыша турган лидер менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу 17-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) конференциясынын жыйынтыгында уюштурулган пресс-конференцияда сүйлөп жатып орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Президенттикке Республикачылар партиясынан талапкер кылып расмий түрдө көрсөтүлгөн Дональд Трамп боюнча Лавров анын 2016-2020-жылдардагы администрациясынын санкцияларына карабастан «диалог дагы эле уланууда» деп айтты.

Лавров Трамп республикачылардан вице-президенттикке талапкер катары көрсөткөн, АКШнын Украинага жардамын кескин сындап келе жаткан сенатор Жей Ди Вэнстин (Огайо штаты) тандалышын кубаттады.

Украина президенти Владимир Зеленский 15-июлдагы билдирүүсүндө эгер Кошмо Штаттарда президенттикке Трамп келсе «биз чогуу иштейбиз» деп айткан жана республикачылардын Украинага көрсөтүп жаткан колдоосун белгилеп өткөн.

Трамп эгер аны кайрадан президент кылып шайлашса Украинадагы согуш маселесин тез арада чечерин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG