Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

11 журналисттин иши: Эксперт алардын сөзүн башаламандыкка чакыруу катары баалады


Камакта калган төрт журналист.
Камакта калган төрт журналист.

Бишкекте 11 журналисттин ишин талдаган эксперт "эркиндик үчүн күрөшүү" деген сөздү массалык башаламандыкка чакыруу деп эсептейт.

Журналисттердин ишин кароо Ленин райондук сотунда 18-июлда уланып, материалдарга экспертиза жасап, "массалык башаламандыкка чакырган" деген корутунду чыгарган адистер суралды.

Алгач Юстиция министрлигине караштуу эксперттик кызматтын адиси Нурлан Сакпаев көрсөтмө берди. Ал Temirov Live жана "Айт айт десе" каналдарындагы “30 жылдан бери креслодо жабышып отурган аткаминерлерге бир грамм урматым жок”, "эркиндик үчүн күрөшөлү" деген сөздөрдө "массалык башаламандыкка чакыруу бар" деген оюн айтты. Ал мында "бийлик жетекчилери жөнүндө терс пикир таратып, вербалдык кемсинтүү жасалган" деп эсептейт.

Адвокаттар бул сөз "Манас" эпосунда дагы бар экенин, ал жапырт башаламандыкка чакыруу эместигин белгилешти.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийинчерээк Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков үй камагына чыккан.

Ушу тапта төрт журналист - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта.

Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh/SE)

XS
SM
MD
LG