Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Чолпон-Атада машине коюп кеткен жол кайгуул кызматкери ооруканага түштү


Кырсыктан кийин тартылган видеодон алынган сүрөт.
Кырсыктан кийин тартылган видеодон алынган сүрөт.

18-июлда Чолпон-Ата шаарында иш учурунда Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Мирлан Талайбековду кичи автобус сүзүп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин басма сөз кызматкери Тилек Исаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, Талайбеков туристтик сезон учурунда убактылуу Ысык-Көл облусуна которулган. Ал бейшембиде Чолпон-Атада жол кайгуул кызматкерлери менен бирге иштеп жатканда кичи автобус келип сүзгөн. Кызматкер башынан жараат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери башталганы кабарланды.

Кырсык болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга да жарыяланды. Анда жерде жаткан кызматкерге медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын көрүүгө болот.

Мирлан Таалайбеков жол эрежесин бузган айдоочуларды видеого тартып, интернетке жарыялап келет.

Шаршембиде Өрнөк айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон. Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% көбөйгөнүн билдирген. (AsK)

XS
SM
MD
LG