Москва районунда "Тулпармоторс” унаа чыгаруучу заводу ачылды

Заводдун ачылышы. 18-июль, 2024-жыл.

Чүйдүн Москва районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “Тулпармоторс” унаа чыгаруучу заводу ачылды. Анын ачылыш аземине мамлекеттик сапары менен Ташкентте жүргөн президент Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев видео байланыш аркылуу катышты.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова өкмөт бул заводдун ачылышына бир катар жеңилдиктер берилгенин белгиледи:

“Мисалга алсак, Автотранспорт каражаттарын жөнөкөйлөштүрүлгөн сертификациялоону киргизүү, бажы-салык преференцияларын берүү, транспорт каражаттарын алгачкы каттоодогу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу, жеңилдетилген автокредиттөөнү ишке киргизүү жана мамлекеттик сатып алууда жеңилдиктерди берүү каралган”.

Москва районунун акими Ниязбек Козуев автозаводдун курулушу үч этапта жүрүп жатканын, анын биринчи этабына 10 миллион доллар жумшалганын, 100 киши жумуш менен камсыз болгонун маалымдады.

“Озодлик” радиосу жергиликтүү басылмаларга таянып жазгандай, долбоордун биринчи этабында Cobalt, Onix жана Tracker унаа моделдерин чыгаруу каралган. 4,5 гектар жерди ээлеген заводдо жылына 10 миң даана унаа чыгарылары, бул кубаттуулук кийин 30 миң унаага чейин жетери кабарланды.

Былтыр март айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ташкентке иш сапарынын алкагында 15 документке, анын ичинен "ДТ Техник" (Кыргызстан), "НУР" (Кыргызстан) жана "Узавтосаноат" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Москва районуна машина чыгаруучу завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлган.

Дагы караңыз

Лавров Орусия АКШ президенттигине ким келсе да, баары менен иштешүүгө даяр экенин айтты11 журналисттин иши: Эксперт алардын сөзүн башаламандыкка чакыруу катары бааладыСербия Босния жана Герцеговина менен чек арасында полиция кызматкери каза болгонун билдирдиЧолпон-Атада машине коюп кеткен жол кайгуул кызматкери ооруканага түштү