Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Сербия Босния жана Герцеговина менен чек арасында полиция кызматкери каза болгонун билдирди


Окуя Лознице шаарында болду.
Окуя Лознице шаарында болду.

Сербияда Босния жана Герцеговина менен чектеш тилкесинде күч кызматкерлерине кол салуу болгонун бүгүн 18-июлда өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Окуя батыштагы Лознице шаарында бейшембиге караган түнү болгону, бир полиция кызматкери каза тапканы, дагы бири катуу жараат алганы кабарланды

Тышкы иштер министри Ивица Дачичтин айтымында, кол салуу чек ара бекети аркылуу өтүп бараткан автомашинанын ичиндеги эки эркек кишини текшерүү учурунда болгон, полициянын эки кызматкерине каршы ок атылган. Кол салууга шектүүлөрдүн биринин паспорту ошол жерден табылганы, документ Косовонуку экени аныкталганы, анын өзүн издөө иштери уланып жатканы маалымдалды.

Жараат алган күч кызматкерлеринин бири ооруканада каза болду.

Босния жана Герцеговина 1992-жылы Югославиянын курамынан чыгып, эгемендигин жарыялаган, азыркы тапта Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 2022-жылдын декабрында Евробиримдикке талапкер макамын алган.

Сербия орус бийлиги менен саясий кызматташтыктан тышкары аскердик жана экономикалык алакасын да бекемдөөдө. Расмий Белград Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизген санкцияларына кошулган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG