Сербияда Босния жана Герцеговина менен чектеш тилкесинде күч кызматкерлерине кол салуу болгонун бүгүн 18-июлда өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Окуя батыштагы Лознице шаарында бейшембиге караган түнү болгону, бир полиция кызматкери каза тапканы, дагы бири катуу жараат алганы кабарланды
Тышкы иштер министри Ивица Дачичтин айтымында, кол салуу чек ара бекети аркылуу өтүп бараткан автомашинанын ичиндеги эки эркек кишини текшерүү учурунда болгон, полициянын эки кызматкерине каршы ок атылган. Кол салууга шектүүлөрдүн биринин паспорту ошол жерден табылганы, документ Косовонуку экени аныкталганы, анын өзүн издөө иштери уланып жатканы маалымдалды.
Жараат алган күч кызматкерлеринин бири ооруканада каза болду.
Босния жана Герцеговина 1992-жылы Югославиянын курамынан чыгып, эгемендигин жарыялаган, азыркы тапта Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 2022-жылдын декабрында Евробиримдикке талапкер макамын алган.
Сербия орус бийлиги менен саясий кызматташтыктан тышкары аскердик жана экономикалык алакасын да бекемдөөдө. Расмий Белград Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизген санкцияларына кошулган эмес. (RK)
Дагы караңыз
11 журналисттин иши: Эксперт алардын сөзүн башаламандыкка чакыруу катары бааладыЕвробиримдик Армения менен виза режими боюнча сүйлөшүү баштайт"Сребреницада 8372 киши өлтүрүлгөн". 29 жыл мурдагы кыргын Чолпон-Атада машине коюп кеткен жол кайгуул кызматкери ооруканага түштү