Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Евробиримдик Армения менен виза режими боюнча сүйлөшүү баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин курамындагы 27 өлкөнүн элчилери Европа Комиссиясынын Армения боюнча виза режимин либералдаштыруу сүйлөшүүлөрүн баштоо сунушун жактырышканы “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна 17-июлда белгилүү болду.

Көптөн бери талкууланып келаткан сунуш расмий бекитүү үчүн Европа Кеңешине, андан кийин сүйлөшүүлөр качан башталарын жана пландын деталдарын жарыялай турган комиссияга барат.

Коопсуздук талаптарынан улам ар бир өлкө боюнча жараян ар кандай жүргүзүлөт, адатта буга бир нече жыл талап кылынат.

Арменияга байланыштуу маселени кароодо виза боюнча талаптар бардык критерийлер толук аткарылгандан кийин гана жоюлары белгиленди.

Адатта Брюссел чек араны көзөмөлдөөдөн тартып уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшкө чейинки төрт негизги талапты коёт.

Армения Евробиримдиктин Чыгыш өнөктөштүк программасына 2009-жылы кошулган. Бул кадам аны бир катар башка өлкөлөр, анын ичинде Түштүк Кавказдагы коңшулары Азербайжан жана Грузия менен бирге биримдикке келечекте мүчө болуу боюнча кайсы бир так сунуш талап кылбастан жакындатуу максатында жасалган.

Виза режимин либералдаштыруудагы жылыш Ереван союздашы Москва менен мамилеси начарлап турган чакта Европарламент Армения менен жакындашуу резолюциясын кабыл алганда башталды.

Резолюцияда "бул потенциалдуу геосаясий жылыштан пайдаланып, Арменияга демократиялар коомчулугунда бекем орун алууга жардам беришибиз керек" деп белгиленди.

Еревандын Батыш менен алакасы аскердик жана башка байланыштар аркылуу бекемделүүдө. Жакын кызматташуунун башталышына 2023-жылдын сентябрында Азербайжан эки өлкө көптөн бери талашып келе жаткан Тоолуу Карабакты жана эл аралык деңгээлде азери тараптыкы деп таанылган, бирок ондогон жылдардан бери армян улутундагылар отурукташып келген башка да аймактарды өз көзөмөлүнө каратып алган окуя да себеп болду.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бул процесстин создугушуна бирин бири айыптап келишет.

ЖККУ алты экс-советтик мамлекеттин – Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын альянсы. (RK)

XS
SM
MD
LG