Өмүрү 17 жашында кыйылган Бериз (Омер) Муичтин сөөгүнүн калдыгы Сребреница шаарынын чет жакасында жайгашкан Поточари мемориалдык борборунда жерге берилген 6765 кишинин эң кичүүсү. Ал сөөгү 29 жыл мурдагы кыргындан кийин табылып, тек-жайы аныкталып, быйыл 11-апрелде ушул жердеги көрүстөнгө жаңыдан кошулган 14 маркумдун бири.
Сөөктү таанууга эжелеринин бири Рамиза Хасанович катышкан. Ал инисин табам деген үмүтү дээрлик калбай калганын айтууда.
«Каерге токтогонун биле албай жүрдүк. Эмне болду, же сууга чөгүп кеттиби деп… Бирок адам таптакыр дайынсыз калбайт экен. Чындык баары бир аныкталат турбайбы. Адам бул дүйнөдө болгону, жашаганы… Чындыкты жашыруу мүмкүн эмес», — деди ал «Slobodna Evropa» радиосуна.
1995-жылы 11-июлда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) коопсуз аймак деп жарыялаган, калкынын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн Сребреница шаарын сербдердин аскерлери ээлеп алып, 13-июлга чейинки аралыкта, БУУ эсеби боюнча, кеминде 8372 эркек тургунун өлтүргөн. Алардын арасынан 500гө жакыны 18ге чыга элек курактагы балдар болгон.
Бейшемби, 11-июлда Поточариде маркумдарга куран окулуп, эскерүү иш-чаралары өттү.
1993-жылы апрелде БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сребреницаны «коопсуз зона» деп жарыялаган. Бирок мындай чечим анын тургундарын жапырт кыргындан сактап кала алган эмес.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш өзүнүн 10-июлдагы кайрылуусунда Улуттар Уюму жана бүткүл дүйнө Сребреницанын тургундарын коргоп калбаганын айтты.
«Биз бул айтып бүткүс трагедиядан сабак алууну уланта беребиз жана Сребреница окуялары, сабактары менен бөлүшүүгө милдеттенебиз», – деп белгиледи ал.
Гутерриш геноцид "жек көрүүчүлүк алдындагы аракетсиздиктин катастрофалык кесепеттеринин үрөй учурарлык далили" болгонун баса белгилеп, мындай көрүнүштөргө каршы чара көрүүгө, адам укуктарын коргоого, өз ара түшүнүшүүгө жана ынтымакка көмөктөшүүгө чакырды.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллер америкалыктар да маркумдардын жакындарынын азасын тең бөлүшөрүн айтып:
«Азапка дуушар болгондорго, жакындарынан айрылгандарга, акыйкатттык издөөнү улантып келаткандарга колдообузду билдиребиз. Бул күнү геноцидди четке кагып жаткандар айыпталышы керек, жоопкерчиликти алып, эл аралык коомчулук менен биргеликте келечекте мындай каргашага жол бербөө үчүн чогуу аракет көрүү зарыл», — деп кошумчалады.
Сребреница - Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) аймагында жайгашкан чакан шаарча. 1991-жылдагы эл каттоого ылайык, 5,7 миң калкынын 3,6 миңин (63,92%) босниялык мусулмандар, 1,6 миңин (28,40%) сербдер түзчү.
БУУнун Башкы Ассамбеясы быйыл 23-майдагы чечими менен Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнүн бекиткен. Резолюцияга 84 өлкө «макул» деген добушун берген, 19у каршылыгын билдирген, 68и добуш берүүдөн карманган.
Катуу каршылыгын Сербия жана ошондой эле Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасы билдирген.
БУУнун Гаагадагы Эл аралык трибуналы мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштарын иликтеп чыгып, Сребреницадагы кыргынды геноцид деп тааныган. 2007-жылы Эл аралык сот бул чечимди тастыктаган.
Жапырт кыргын үчүн сербдердин армиясынын жогорку офицерлери жана саясий лидерлери соттолгон. Алардын айрымдары өмүрүнүн аягына чейин камакка алынган.
11-июлду жыл сайын Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөө тууралуу Германия жана Руанда сунуштаган резолюцияны АКШ, Франция жана башка өлкөлөр колдогон.
Резолюция Сребреницадагы окуяны геноцид деп тааныбагандарды жана ошол кылмышты жасагандарды жактоо аракеттерин айыптайт.
Серб республикасынын парламенти согуш маалындагы Сребреница окуясын геноцид эмес деп атаган баяндаманы быйыл 18-апрелде колдогон.
«Геноцид болгон эмес, мындай квалификация четке кагылышы керек. Серб эли эч кандай геноцид жасаган эмес», – деп билдирген парламенттеги сөзүндө босниялык сербдердин лидери, Орусияга ыктаган саясатчы, Серб республикасынын президенти Милорад Додик.
Сербиянын президенти Александр Вучич да БУУда мындай резолюциянын кабыл алынышына каршы күрөшөрүн билдирген. Расмий Белград резолюция Босния жана Герцеговина мамлекети босниялык сербдердин аскердик союздашы болгон Сербиядан репарация талап кылышына негиз болуп бериши ыктымал деп кооптонууда.
Бирок Сербиянын ичинде бул маселе боюнча пикир бир кылка эмес. 10-июлда борбор калаа Белградда ондогон укук коргоочу акция уюштуруп, сербиялык өкмөттү Сребреницадагы окуяны геноцид деп таанууга чакырышты.
«Сербия ошентип жарыялоого милдеттүү. Эл аралык милдеттенме же европалык интеграция үчүн гана эмес, өзүн прогрессивдүү коомчулуктун бир бөлүгү катары көрсөтүү үчүн. Курмандыктардын гана эмес, биздин, Сербия жарандарынын да урматы үчүн», - деди «Кара жамынган аялдар» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Стаса Зайович.
Жыл сайын 11-июлда АКШда Сребреницадагы геноциддин курмандыктары эскерилип келет. Эгер резолюция Башкы Ассамблеяда колдоо тапса, эскерүү күнү окуянын 30 жылдыгына карата 2025-жылдан тартып эл аралык деңгээлде уюштурулуп турары айтылган.
1992-жылы Босния жана Герцеговина Югославиянын курамынан чыккан. Ошол эле учурда анын өзүнүн ичинде Серб республикасы эгемендигин жарыялаган. Бул жылы сербдердин, хорваттардын жана босниялык мусулмандардын өлкөнүн келечектеги саясий түзүлүшүнө байланыштуу пикир келишпестигинен улам тутанган согуш 1995-жылга чейин уланган.
Мурдагы Югославаниянын ыдырашынан кийин башталган согуш, Босния жана Герцеговинада, БУУнун эсебинде, үч жылда 100 миңден ашуун кишинин, көбүнчөсү босниялык мусулмандардын өмүрүн жалмады. 2 миллиондой киши үй-жайын таштап качууга мажбур болгон.