16-июлда түшкө жакын Ысык-Көл облусуна караштуу Эңилчек (Ак-Суу району) айылында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен сел суулары 10 турак үйдүн короосун каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адистердин ыкчам тобу жергиликтүү тургандар менен бирге суунун нугун бурганын кабарлады.
15-июлда Каракол - Эңилчек унаа жолунун 75-76-77-чакырым аралыктарына таш көчкү түшкөнү маалымдалган. Жол шейшембиде бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери уланууда.
Кыргызгидромет борбору чукул кабар таратып, ушул күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл 230дан ашык сел болуп, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды. Алардын теңинен көбү балдар. (КE)
Дагы караңыз
Жалал-Абаддагы жарылууга байланыштуу үч киши кармалдыУКМК Жалал-Абадда 600 жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин билдирдиМилиция кызматкерлери пара алууга шектелип кармалдыОшто сел агызып кеткен 39 жаштагы аял изделип жатат