Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Жалал-Абаддагы жарылууга байланыштуу үч киши кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жалал-Абадда адам өлүмү менен коштолгон жарылууга байланыштуу шаардык мэриянын эки кызматкери жана газ баллону жарылган соода түйүндөгү күркөнүн ээси кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 16-июлда билдиргендей, соода түйүнүнүн жери тиешелүү документтери жок эле пайдаланууга берилгени аныкталды.

13-июлда ал жердеги газдалган суу саткан күркөдө газ баллону жарылып, бир киши набыт кеткен. Дагы бир канча адам жараат алган.

Мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги менен айрым кызматкерлери муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок эле колдонууга берген деп шек саналууда. УКМКнын маалыматында алар бул ишти жогорку кызматтагы аткаминерлердин ортосундагы байланышка жамынып жасаганы белгиленген. Кылмышка тиешеси бар башка чиновниктерди аныктоо иши уланууда.

Кармалгандар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү фактысын текшерүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG