Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аял изделип жатат


Ош.
Ош.

Бүгүн 16-июлда селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө 143 куткаруучу тартылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аял изделип жатат. Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары.

Шаардык мэрия келин үч кызы менен шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак деген эс алууда жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Жолдошу жана уулу аман калган.

ӨКМ селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы үч айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. Тогуз социалдык объект (төрт мектеп, бир бала бакча, эки оорукана, бир музей, бир ФАП) зыян тартканын кабарлаган. Ош шаары боюнча болжол менен 146 турак үй, беш эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG