Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

УКМК Жалал-Абадда 600 жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин билдирди


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кочкор-Ата шаарында айыл чарба багытындагы жана жеке турак жай курууга уруксаты жок жер тилкесин мыйзамсыз берген коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын жана Э.Алиев айыл аймагынын балансында турган 80 гектар жер трансформация болгон эмес. Ал эми аталган бир жер тилкесинин баасы учурда 400 миң сомдон 1 млн сомго чейин жетери белгиленген.

"Ноокен районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу адамдары Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттары менен сүйлөшүп алып, 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз жер тилкелерин жана кызыкдар жактарга укук берүүчү документтерди берип келген", - деп айтылат маалыматта.

УКМК билдиргендей, ушундай жол менен 600 жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Аталган фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 13-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы О.А., Ноокен райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин адистери жана жетекчиси М.Ж., С. Б., О.Д., Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Ш.А., Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мурдагы депутаты – жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Д.Б. УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Буга чейин Чүй облустунун Сокулук районундагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдө, кайра каттоодо коррупциялык фактылар аныкталганы кабарланган. Кылмышка шек саналып “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG