Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Милиция кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды


УКМК тараткан сүрөт. Иллюстрация
УКМК тараткан сүрөт. Иллюстрация

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б. пара талап кылууга шек саналып кармалды.

Бул тууралуу 16-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма көз кызматы кабарлады.

Маалыматта шектүүлөр уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн жарандан 160 миң сом талап кылышканы белгилеген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

Алар 13-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш жасаган деген шек менен убактылуу тергөө абагына киргизилген.

УКМК тарабынан ИИМдин түрдүү башкармалыктарынын кызматкерлери пара алууга, опузалап акча талап кылуу жана башка коррупциялык иштерге шек саналып кармалган учурлар арбын.

Жазында Атайын кызмат ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) бир нече кызматкерин кармаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG