Жол кырсыктарын азайтып, алдын алуу үчүн дрон колдонуу башталды

Дрондон байкоо жүргүзүү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунан башталат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыктарын азайтып, алдын алуу максатында дрондорду колдоно баштайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, алгач тесттик режимде дрондор аркылуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда байкоо жүргүзүлө баштады.

“Акыркы учурда жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам Кыргызстандын бардык аймактарында тесттик режимде дрон учуруп, байкоо жүргүзүү башталганы турат. Учурд ,дрон менен байкоо жүргүзүү программасы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда ишке киргизилди”,-деп жазылган маалыматта.

ИИМ быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% өскөнүн билдирген.

Өткөн айда ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Кыргызстанда жол кырсыгы азайбай жатканын улам аталган башкармалыктын ишин сынга алып, бир катар тапшырмаларды берген.

Дагы караңыз

Харьковдо Орусиянын соккусунан эки адам мерт болуп, 25 киши жараат алдыКараколдо Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн курамы кеңейет Жалал-Абадда кычкылтек жана газ баллон коюлган коомдук жайларды текшерүү күчөйтЖалал-Абад: газдалган суу сатылган күркөдө баллон жарылып, бир адам мерт болду NYT: демократтардын донорлору Байден жарыштан чыкпаса 90 млн доллар берилбесин айтты Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шек саналып камалды Министрлик шылуундар жөлөк пул жөнүндө жалган маалымат таратканын эскертти ИИМ Ысык-Көлдө уурулукка кынык алган топ кармалганын билдирди

Расмий маалыматка ылайык, былтыр жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адамдын өмүрү кыйылган жана бул 2022-жылга караганда 13,5% көп.