Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Жалал-Абадда кычкылтек жана газ баллон коюлган коомдук жайларды текшерүү күчөйт


Жалал-Абад шаарынын кире бериши. Архивдик сүрөт.
Жалал-Абад шаарынын кире бериши. Архивдик сүрөт.

Жалал-Абадда кычкылтек жана газ баллондор орнотулган коомдук жана соода жайларын текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу облустук жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам жыйынында айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, анда президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев тез тамактануучу жана коомдук жайлардагы коопсуздукка көңүл бурууну, талапка жооп бербегендерин жабууну тапшырды.

Жалал-Абад шаарында 13-июлда эртең менен суусундук сатылган күркөдөгү кычкылтек баллону жарылып бир адам мерт болуп, дагы төрт адам жараат алды. Облустук клиникалык оорукананын жетекчисинин орун басары Арстан ооруканадагы бейтаптардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

"Бизге беш бейтап келип түшкөн. Бирөө тилекке каршы каза болду. Эки эки бейтапка мээси чайкалган, дагы экөөнө нерв жактан жабыркаган деген диагноз коюлуп, учурда дарыланып жатат. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, акыбалдары жакшы",-деди Алымбаев.

Расмий маалыматка ылайык, кырсык Түмөнбай Байзаков көчөсүндө жайгашкан "Тору" соода борборунун маңдайында жайгашкан газдалган суу саткан күркөдө болгон.

Кыргызстанда соода жайларында, тез татым түйүндөрүндө буга чейин дагы газ баллон жарылган, адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган.

Кыргызстанда соода жайларында, тез татым түйүндөрүндө буга чейин дагы газ баллон жарылган, адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG