Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:33

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шек саналып камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта ал мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан такай акча алып турганы айтылат.

"Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору А.Б.Т. окуу жайларды текшерүү жана ревизия жүргүзүү шылтоосу менен мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринен такай акча "чогултуу" менен алектенери аныкталды. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында анын үйүн тинткенде акча табылды. Ал 10-июлда УКМКнын тергөө абагына камалды. Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо уланып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Кылмышка шектүүнүн жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу комментарий бере элек.

Мунун алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн негизинде соңку алты айда 50 миллиард сом өндүрүлгөнүн билдирген жана анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Коомдо коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.

Transparency International (TI) эл аралык уюму 2023-жылдагы дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеп, 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда бир баскычка артка кеткен.

XS
SM
MD
LG