Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

ИИМ Ысык-Көлдө уурулукка кынык алган топ кармалганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Көл облусунда туристтик сезон маалында уурулук менен алектенген топ кармалганын билдирди.

Учурда аймакта туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында милициянын атайын ыкчам тобу иштеп жатканын эскертти.

“Атайын операциянын жүрүшүндө чөнтөкчүлөр тобу кармалды. “Гастролер” деп аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Бостериге келип, топторго бөлүнүп, коомдук жайларда бир катар кылмыштарды жасаган. Шектүүлөрдүн машинасы тинтилгенде телефондор жана акча табылган. Натыйжада кылмышка шектүү, буга чейин бир нече жолу соттолгон 10 адам камалды",-деп айтылат маалыматта.

ИИМ учурда бул адамдардын башка кылмыштарга дагы тиешеси бар же жогу аныкталып жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG