Караколдо Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн курамы кеңейет

Караколдо Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн курамы кеңейет

Президент Садыр Жапаров 13-июлда Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнө барды.

Анда чек арачылардын имараттарынын абалы, материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, учурда имараттарды оңдоп-түзөө жүрүп жатат. Кыргыз-кытай жана кыргыз-казак чек араларындагы “Бедел” жана “Каркыра-автожол” көзөмөл өткөрмө бекеттеринин, Каракол эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аталган бөлүктүн курамы кеңейет.

Буга чейин “Бедел” өткөрмө бекетин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачуу пландалып жатканы кабарланган. Өткөрмө жайдын толук иштеши үчүн бажы жана чек ара инфраструктураларын жакынкы жылдары эки өлкө бирге ишке ашырат.

Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрмө бекет ачуу 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн.

Дагы караңыз

Жалал-Абадда кычкылтек жана газ баллон коюлган коомдук жайларды текшерүү күчөйтNYT: демократтардын донорлору Байден жарыштан чыкпаса 90 млн доллар берилбесин айтты Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шек саналып камалды Донецкиде орус армиясынын аба соккусунан алты адам мерт болдуМинистрлик шылуундар жөлөк пул жөнүндө жалган маалымат таратканын эскертти ИИМ Ысык-Көлдө уурулукка кынык алган топ кармалганын билдирдиЖК: кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселеси талкууланды