Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

ЖК: кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселеси талкууланды


Жыйында негизинен "Евро хантер" фирмасынын айланасындагы жагдай талкууланды.
Жыйында негизинен "Евро хантер" фирмасынын айланасындагы жагдай талкууланды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев 12-июлда кыргызстандык жарандарды чет мамлелекеттерде, анын ичинде Европада жумушка орноштуруудагы маселелерден улам жыйын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, ага тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышып, негизинен “Евро хантер” фирмасынын айланасындагы жагдай талкууланды.

"Бул компаниянын өкүлдөрү учурдагы жагдай тууралуу маалымат берип, келишим түзүп, компанияга катталгандар менен иш алып барып жатканын билдиришти. Нурланбек Азыгалиев аларды кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырып, көптөн бери чакыруу күтүп жаткан кардарларга акчасын кайтарып берүүнү айты. Ошондой эле тиешелүү мекемелерге, лицензия берген органдарга кайрылып, четте иштеп жүргөн жарандардын укугун коргоо жаатында иш алып барууну табыштады",-деп жазылган маалымата.

Соңку учурда “Евро хантерге” байланыштуу наарызылыктар көбөйгөн. Кардарлардын арыздарынан улам өткөн айда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул фирманын лицензиясын убактылуу токтоткон. Компаниянын өкүлдөрү дооматтарды четке каккан.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар.

XS
SM
MD
LG