Жалал-Абад: газдалган суу сатылган күркөдө баллон жарылып, бир адам мерт болду

Жалал-Абад облустук клиникалык оорукана.

Жалал-Абад шаарында суусундук сатылган күркөдөгү кычкылтек баллону жарылып бир адам мерт болуп, дагы төрт адам жараат алды. Бул тууралуу облустук клиникалык оорукананын жетекчисинин орун басары Арстан Алымбаев билдирди.

"Бизге беш бейтап келип түшкөн. Бирөө тилекке каршы каза болду. Эки эки бейтапка мээси чайкалган, дагы экөөнө нерв жактан жабыркаган деген диагноз коюлуп, учурда дарыланып жатат. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, акыбалдары жакшы",-деди Алымбаев.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 13-июлда эртең менен шаардын борборунда болгон. Социалдык тармактарга тараган сүрөт, видеолордон ал күркө Түмөнбай Байзаков проспектисинин борборунда, соода жайында жайгашканын көрүүгө болот.

Кырсык тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча маалымат, комментарий бере элек.

Кыргызстанда соода жайларында, тез татым түйүндөрүндө буга чейин дагы газ баллон жарылган, адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган.

Дагы караңыз

NYT: демократтардын донорлору Байден жарыштан чыкпаса 90 млн доллар берилбесин айтты Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шек саналып камалды ЖМК: Украинадагы согушта жарым жылда 10 миңден көп орусиялык мерт болду Министрлик шылуундар жөлөк пул жөнүндө жалган маалымат таратканын эскертти Донецкиде орус армиясынын аба соккусунан алты адам мерт болдуИИМ Ысык-Көлдө уурулукка кынык алган топ кармалганын билдирдиЖК: кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселеси талкууланды