Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

ЖМК: Украинадагы согушта жарым жылда 10 миңден көп орусиялык мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку жарым жылдын ичинде Украинадагы согушта Орусия бери дегенде 10 014 аскерин жоготту.

Бул тууралуу Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.

Алардын маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 59 168 орусиялык жаран набыт болду.

Мерт болгондордун арасында мобилизацияга тартылгандар жана абактан согушка жөнөтүлгөндөр да көп.

Журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Иликтөөчүлөр реалдуу сан кеминде мындан эки эсеге көп экенин белгилешет.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.

XS
SM
MD
LG