NYT: демократтардын донорлору Байден жарыштан чыкпаса 90 млн доллар берилбесин айтты

Жо Байден.

АКШда Демократиялык партиянын бир катар ири донорлору президент Жо Байден экинчи мөөнөткө баруудан баш тартмайынча 90 миллион долларлык жардам берилбесин эскертти.

Бул тууралуу New York Time басылмасы өз булагына шилтеме кылып жазды. Байдендин шайлоо өнөктүгүн демократтарга ыктаган Future Forward тобу жүргүзүп жатат жана алар кайрымдуулуктан түшкөн каражаттын эсебинен акча алат алат.

Жо Байден мунун алдында, 11-июлда НАТОнун саммитинен кийинки маалымат жыйында президенттик жарыштан чыкпасын, атаандашы, экс-президент Дональд Трампты жеңүүгө даяр экенин дагы кайталаган. Анын саламаттыгы, башкаруу жөндөмү тууралуу 27-июндагы дебаттан кийин суроолор, кооптонуу көбөйгөн.

Айрым демократтар Байденди шайлоого катышуудан баш тартууга чакырып жатат. Алардын катарына буга чейин Байдендин өнөктүгү үчүн акча чоглутууга жардамдашып жүргөн Голливуд жылдызы Жорж Клуни дагы кошулган.

Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери, президенттин көп жылдан берки тарапташы Нэнси Пелоси Байдендин шайлоодон баш тартуу же жарышты улантуу тууралуу чечим кабыл алышына "саналуу мүнөттөрү" калганын билдирген.

Соңку эки жумадан бери 81 жаштагы Байден экинчи мөөнөткө барууга дарамети жетерине ишендиргенге аракет кылып келет. Ал буга чейин "Кудай гана аны жарыштан четтете аларын" айткан.

Партиядагы тынчсыздануу 27-июнда Дональд Трамп менен болгон теледебаттан кийин башталган. Анда Байдендин каргылданган үнү, маал-маалы менен суроолорго чаржайыт жооп бергени көпчүлүктө күмөн жараткан.

Дагы караңыз

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шек саналып камалды ЖМК: Украинадагы согушта жарым жылда 10 миңден көп орусиялык мерт болду Донецкиде орус армиясынын аба соккусунан алты адам мерт болдуМинистрлик шылуундар жөлөк пул жөнүндө жалган маалымат таратканын эскертти ИИМ Ысык-Көлдө уурулукка кынык алган топ кармалганын билдирдиЖК: кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселеси талкууланды