Статком жарым жылда ички дүң өнүм 560 млрд сомго жеткенин билдирди

Кыргыз сому.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) ушул жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5% болду. Дүң жана чекене соода 21%, айыл чарбасы 3,3% түздү.

Январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,4% болду. Алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы 6,1%, азык-түлүк эмес товарлардыкы 1,8%, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардыкы 1,5%, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,6% жогорулады.

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү 2024-жылы январь-май айларында 6,5 млрд долларды түздү. Мында экспорт 4,8%, ал эми импорт 21,7% көбөйдү.

Кыргызтандын 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 378 млрд 437 млн сом, чыгашасы 367 млрд 500 млн сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп болжолдонууда. (BTo)

Дагы караңыз

Дагестанда никабдын ордуна жүздү кол желдеткич менен жаап жүрүү сунушталды Бишкекте боорун алмаштырган эки бейтап үйүнө чыгарылдыУкраина: Орусиянын соккусунан энергетикалык объект жана порт жабыркадыЛаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды Mega компаниясына Элнар Субакожоев директор болдуАКШ "Иран Газа боюнча акцияларга кийлигишүүдө" деп эскертти