Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

АКШ "Иран Газа боюнча акцияларга кийлигишүүдө" деп эскертти


Газа маселеси боюнча акциялардын бири.
Газа маселеси боюнча акциялардын бири.

Кошмо Штаттар администрациясы Иранды АКШдагы Газа боюнча нааразылык акцияларынан пайдаланып калууга аракет кылууда деп айыптады. Улуттук чалгын мекемесинин Иран америка коомчулугу ичинде араздашууну тутандырууга аракет кылганы тууралуу эскертүүсүнөн кийин Ак үй Тегерандын мындай ниетин жол берилгис деп атады.

Мекеме директору Эврил Хейнс 9-июлда жарыялаган эскертүүдө Иран өкмөтү менен байланышы бар адамдар Интернет аркылуу өзүлөрүн активист катары тааныштырып, Газа маселеси боюнча протесттерди көкүтүп, жада калса айрым демонстранттарга каржылык колдоо көрсөткөнү айтылган.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Газа маселеси боюнча акцияга чыккан америкалыктар өзүлөрүнүн жеке, көз каранды эмес пикирин билдирип жатышканын, бирок мындай аракет тынчтык жолу менен жасалганы демократия үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, дагы көптөгөн киши уранды астында калган болушу ыктымал. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө.

Өткөн аптада Египет, Катар жана АКШ согушту токтотуу боюнча ортомчулук аракетин кайрадан улантышканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG