Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13

Mega компаниясына Элнар Субакожоев директор болду


Элнар Субакожоев.
Элнар Субакожоев.

Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасынын (ред: мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) жетекчиси алмашып, Элнар Субакожоев директор болуп дайындалды.

Мындай чечим Mega ишканасынын 100% акциясына ээлик кылган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын 10-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алынган. Элнар Субакожоев кызматка 11-июлдан баштап киришет.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, ал эмгек жолун 2009-жылы “Альфа Телекомдо” байланыш борборунун оператору болуп иштөөдөн баштаган. 2017-2018-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп иштеген. 2019-2021-жылдары “Манас” эл аралык аэропортунун коммерциялык директору болуп эмгектенип, 2021-жылы кайра Mega компаниясына которулган.

“Альфа Телекомдун” мурдагы директору Айбек Күрөңкеев 2023-жылы сентябрда кызматка киришкен.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинети 2022-жылдын 31-майындагы чечими менен түзүлгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган. Кийин анын капиталы 14,8 миллиард сомго жеткирилип, компания бул суммага 2023-жылы “Альфа Телеком” ишканасын сатып алган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин убактылуу өкмөт Mega компаниясынын 49% улутташтырган. 2014-жылы толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG