Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:41

Дагестанда никабдын ордуна жүздү кол желдеткич менен жаап жүрүү сунушталды


Орусияга караштуу Дагестан жумуриятынын муфтияты аялдарга никаб кийип жүрүүгө тыюу салып, ал эми керек болгон учурда жүзүн кол желдеткич же жоолугунун учу менен жаап алууну сунуштады. Бул тууралуу диний мекеменинин атайын чечиминде жазылат.

"Эже-карындаштар биз кайсы маалда жана кандай мамлекетте жашап жатканыбызды түшүнүүсү керек. Эгер аял кимдир-бирөөнүн теше тиктеген көз карашын байкап калса, ошол жерден кеткиче жүзүн кол желдеткич же жоолугунун учу менен жаап алса болот",- деп түшүндүрдү муфтий.

Муфтият никабды талаш-тартыштын буюму деп атады.

"Мына ушул себептен никаб калктын көп бөлүгүндө коркуу жана кооптонуу сезимдерин пайда кылат. Алтургай, бүгүнкү күндө никаб тескерисинче кыз-келинге көбүрөөк көңүл бурдуруп, коомдогу чыңалуунун тереңдешинин себебине айланды",-деп жазылат муфтияттын 9-июлда таркаткан билдирүүсүндө.

3-июлда Дагестандын муфтияты "калк коопсуздугуна жаралган коркунучтан улам" никаб кийүүгө убактылуу тыюу салган.

Көп өтпөй, 5-июлда ушундай эле чечимди Орусияга караштуу Карачай-Черкесс республикасынын муфтияты кабыл алган.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Эреже катары, ал кара кездемеден жасалат. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG