Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасынын (ред: мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) жетекчиси алмашып, Элнар Субакожоев директор болуп дайындалды.
Мындай чечим Mega ишканасынын 100% акциясына ээлик кылган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын 10-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алынган. Элнар Субакожоев кызматка 11-июлдан баштап киришет.
Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, ал эмгек жолун 2009-жылы “Альфа Телекомдо” байланыш борборунун оператору болуп иштөөдөн баштаган. 2017-2018-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп иштеген. 2019-2021-жылдары “Манас” эл аралык аэропортунун коммерциялык директору болуп эмгектенип, 2021-жылы кайра Mega компаниясына которулган.
“Альфа Телекомдун” мурдагы директору Айбек Күрөңкеев 2023-жылы сентябрда кызматка киришкен.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинети 2022-жылдын 31-майындагы чечими менен түзүлгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган. Кийин анын капиталы 14,8 миллиард сомго жеткирилип, компания бул суммага 2023-жылы “Альфа Телеком” ишканасын сатып алган.
2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин убактылуу өкмөт Mega компаниясынын 49% улутташтырган. 2014-жылы толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. (BTo)
Дагы караңыз
АКШ "Иран Газа боюнча акцияларга кийлигишүүдө" деп эскертти Эки журналист пара талап кылууга шек саналып кармалдыАбактагы оппозиционер Кара-Мурзадан кабар жок экенин жакындары билдирдиЕкатеринбургда "террордук топ түзүүгө" айыпталган тажикстандыктар соттолдуКараколдо жол кире беш сомго кымбаттайтҮч өлкөдө маңзат каналын уюштурган топ кармалдыЕвропа чемпионаты: Испания Францияны 2:1 эсеби менен уттуЛаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды