Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

Абактагы оппозиционер Кара-Мурзадан кабар жок экенин жакындары билдирди


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Орусияда камакта отурган оппозиционер саясатчы Владимир Кара-Мурзанын адвокаттары аны менен жолугушууга төртүнчү жолу уруксат берилбей койгонун билдиришти, ал эми жубайы бир аптадан бери жеке өзү менен байланыша албай жатканын айтты.

"Адвокаттар бул жолу да кире алышкан жок. 2-июлдан бери Владимир Кара-Мурза тууралуу эч маалыматыбыз жок болууда. 4-июлда аны түрмөнүн ооруканасына текшертүү үчүн которушканын айтышкан. Бирок өткөн бейшембиден бери жактоочулар оорукананын ичине кире албай жатышат", - деп жазды Х социалдык түйүнүнө жубайы Евгения Кара-Мурза.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын башкы баяндамачысы Сунна Аеварсдоттир «Жакын адамы эмне үчүн ооруканада экенин жана ден соолугу кандай экенин үй-бүлөсүнөн атайылап жашырууга таптакыр жол берилбеши керек», — деп белгиледи.

«Свободная Россия» фонду «Кара-Мурзанын абалына баа берүү жана зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарга токтоосуз жана тоскоолдуксуз кирүүнү» талап кылды.

20-июнда саясатчыны өтө катаал шартта кармоочу жайга которушканын анын мурдагы адвокаты Вадим Прохоров билдирген.

Саясатчы, тележурналист, режиссёр, публицист, саясий туткун Кара-Мурза 2022-жылы кармалып, «мамлекетке чыккынчылык кылган, армия тууралуу фейк маалымат тараткан жана «туура эмес» уюм менен кызматташкан» деген айыптардын негизинде 2023-жылы 17-апрелинде катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Ал жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөөдө.

Өзү жана тарапташтары ал саясий жана жарандык позициясы үчүн гана куугунтукка алынып жатканын белгилеп келишет.

Владимир Кара-Мурзага каршы кылмыш иши 2022-жылы апрель айында козголгон. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып «орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо» деген мазмундагы сөзү Орусияда «саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу» деп бааланган.

Ал Орусия Украинада согуш кылмыштарын жасап жатканын айткан.

Эл аралык Amnesty International укук корго уюму Кара-Мурзаны абийир туткуну деп жарыялаган, "Мемориал" уюму саясий туткун деп тааныган.

Быйыл жазында Орусиянын абагында бийликтин келишкис сынчысы Алексей Навальный белгисиз жагдайда каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG