Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

Үч өлкөдө маңзат каналын уюштурган топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" багытында жана Ош облусуна баңгизаттарын таратуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталып, кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 10-июлда тараткан маалыматка ылайык, кылмыштуу схеманы 64 жаштагы У.Д.У. аттуу адам баңгизатын Ош облусуна жана Өзбекстанга сатуу үчүн Тажикстандан алып келүүчү канал түзгөнү аныкталган.

Кыргызстанга кирген баңгизаттар анын шериги, 63 жаштагы Ж.Х.Т. аттуу (мурда баңгизатын сатуу үчүн соттолгон) жарандын үйүндө сакталган. Ал Ош облусундагы баңгилерге же, Өзбекстанга баңгизат жеткирүүчүлөргө сатуу үчүн өлчөп, таңгактоо менен алектенген.

8-июль күнү шектүү У.Д.У. жана баңгизат сатып алуучу У.Б.Ч. аттуу адам кармалган, алар маңзатты Өзбекстанга өткөрүүнү көздөшкөн.

"Жеке тинтүү учурунда У.Д.У. аттуу жарандан жалпы салмагы 250,77 грамм чайыр кара куурай (гашиш) брикети, ал эми У.Б.Ч.дан жалпы салмагы 555,34 грамм чайыр кара куурай (гашиш) брикети табылды. Мындан тышкары Ж.Х.Т. аттуу жарандын үйүндө да ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан 6 кг 905,47 грамм салмактагы 7 брикет кара куурай чайыры (гашиш) табылды" деп жазылган маалыматта.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргызстандын жарандары У.Д.У., У.Б.Ч. жана Ж.Х.Т. сатуу максатында баңгизатын сактап жүргөнүн моюнуна алышкан. Алар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери уланууда, бул ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо аракеттери көрүлүүдө.

ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 9-июлда Кыргызстандын аймагында маңзат даярдап жана саткан кылмыштуу топтун 13 мүчөсү кармалганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG