Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

Екатеринбургда "террордук топ түзүүгө" айыпталган тажикстандыктар соттолду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Екатеринбург соту "террордук топ түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу" иши боюнча Тажикстандын беш жаранына карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу It's My City жаңылыктар сайты жазды.

Маалыматка караганда, Сангинмурод Мусофиров менен Абубакр Сангчаров "террордук топ түзүүгө жана ага адамдарды азгырууга" күнөөлүү деп табылып, биринчиси 24, экинчиси 25 жылга эркинен ажыратылды. Сот өкүмүнө ылайык, алар жаза мөөнөтүнүн алгачкы беш жылын кадимки абакта, калган бөлүгүн катаал режимдеги колонияда өткөрүшөт.

Калган үч тажикстандыкка террордук топтун ишине катышуу айыбы тагылган. Ал боюнча Анваршо Авезов 18, Нурали Дустов 17 жана Шахромжон Мусофиров 16 жылга соттолду. Мындан тышкары алардын ар бири 350 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Baza'нын маалыматында, Сангчаров Орусиянын, калгандары Тажикстандын жарандары. URA.RU сайты соттолгондордун баарынын тажик жарандыгы бар экенин жазууда.

2021-жылы ЖМКлар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) операциясы учурунда тажикстандык 15 мигрант кармалганын кабарлашкан. Үч айдан кийин алардын 10у мекенине депортацияланып, бешөө камакка алынган. Атайын кызмат кармалгандар Екатеринбургда "Талибандын" "бөлүмчөсүн" түзүүгө аракет кылып, ага адамдарды азгыра баштаганын, максаты - "башка диндегилерге каршы" теракттарды жасоо болгонун билдирген. Анда It's My City басылмасы күч түзүмдөрдөгү булактарына таянып, кармалгандардын "Талибан" менен эч кандай байланышы жок экенин кабарлаган.

Кармалгандардын жакындары айыптоолорду ойдон чыгарылган жана негизсиз деп аташкан.

XS
SM
MD
LG