Европа чемпионаты: Испания Францияны 2:1 эсеби менен утту

Ламин Ямал Испания-Франция беттешинде.

Бишкек убактысы боюнча 10-июлга караган түнү Футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионатынын жарым финалында Испания менен Франциянын курама командалары ойноду.

Беттеш Мюнхендеги Альянц Арена стадионунда өтүп, Испания 2:1 эсебинде жеңишке жетип Европа чемпионатынын биринчи финалисти болду. Оюндун сегизинчи мүнөтүндө Франциянын чабуулчусу Рандаль Коло Муани гол киргизип эсепти ачты. 21-мүнөттө Испаниянын 16 жаштагы чабуулчусу Ламин Ямал бул чемпионаттагы эң кооз голдордун бирин киргизип эсепти теңеди. 25-мүнөттө Испаниянын жарым коргоочусу Дани Ольмо кол киргизип эсепти 2:1 кылды.

11-июлга караган түнү Англия менен Нидерланддар кез келип, экинчи финалист аныкталат.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышты. Финалдык оюн 14-июлда (Бишкек убактысы 15-июлга караган түнү) болот. (BTo)

Дагы караңыз

Лаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды Байден Украина абадан коргоочу системаларды аларын айттыИИМ баңгизат саткан канал жок кылынганын кабарладыБишкекте эки жаңы автобус каттамы киргизилдиЛаззат Нургожоеванын жигити баңгизат таратууга шектелип кармалды 9-июль: Орусиянын мигранттарга каршы жаңы сунушу, кылмышка шектүү сот кызматкерлери