Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

9-июль: Орусиянын мигранттарга каршы жаңы сунушу, кылмышка шектүү сот кызматкерлери


Орусия. Иллюстрация сүрөт.
Орусия. Иллюстрация сүрөт.

9-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

11 журналисттин иши боюнча соттогу сурак аяктады

Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соңку соттук отурумда айып коюлган журналисттер сурак берип бүттү. Эми 18-июлда иштин материалдарын изилдөө башталып, журналисттик материалдар боюнча корутунду берген эксперттер суралат. Иликтөө менен алектенген 11 журналист жана активист быйыл январда кармалган, кийин жетөө эркиндикке чыккан. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголгон. Өзүлөрү коюлган айыпты четке кагып келишет.

УКМК Сот департаментинин эки кызматкерин кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-июлда Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин эки кызматкери кармалганын, алар акча каражатын кымырып алышкан деп шек саналып жатканын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар 4 млн 667 миң сомдун мыйзамсыз сарпталышына байланыштуу кылмыш ишин иликтөө алкагында кармалды, УКМК төргөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү тарап комментарий бере элек.

Кабардин-Балкар полициясы «шарият кайгуулу» кармалганын билдирди

Орусиянын курамындагы Кабардин-Балкар республикасында полиция он кишини экстремисттик жамаат түзгөн жана ага катышкан деген шек менен кармады. Мекеме алар «шарият кайгуулун» түзүп алганын, Тырныауз шаарында жана анын чет жакасында жашоо таризи жана жүрүм-туруму өзүлөрүнүн «диний-экстремисттик ишенимдерине» туура келбеген деп эсептеген адамдарды аныктап, аларга каршы «мыйзамсыз аракеттерди» жасап келишкенин маалымдады. Топтун уюштуруучусу деп полиция 40 жаштагы жергиликтүү тургунду атады, ал 2017-жылы март айында «кылмыштуу тобуна» 26-54 жаштагы тогуз кишини тартканын билдирди.

Орусияда мигрантты депортациялоо мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда

Орусиянын Ички иштер министрлиги, "Интерфакс" маалымат агенттиги жазгандай, Административдик тартип бузуулар жөнүндөгү кодекске чет элдиктерди кайсы бир мыйзамдарды бузду деген негизде өлкөдөн чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган кеминде 20 берене киргизүүнү сунуш кылды. Мекеме Орусияда соңку бир жылда чет элдик жарандар аралашкан 235 миңдей административдик тартип бузуу катталганын белгиледи. "Бул чет элдик жарандарды Орусиядан мажбурлап чыгарууну тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет ", - деп айтылды ИИМдин маалыматында.

Австралия Кытайды киберчабуулга айыптоодо

Австралия киберчабуул жасалганын билдирип, Кытайды айыптады. Өлкөнүн киберкоопсуздук боюнча өкмөттүк агенттиги 9-июлда Кытай колдогон хакердик топ австралиялык эки түйүндүн колдонуучуларынын аттарын жана сыр сөздөрүн уурдаганын билдирди. Окуя 2022-жылы болгону, бирок аталган хакердик топ дагы эле өлкөнүн киберкоопсуздугуна коркунуч жаратып турганы маалымдалды.

ЕБ Грузиянын бул уюмга интеграция болуу процессин убактылуу токтотту

Бул тууралуу бүгүн 9-июлда биримдиктин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский Еврошаркеттин Грузиядагы ишмердиги боюнча эл аралык конференцияда сүйлөп жатып билдирди. Ал Грузиянын азыркы жетекчилигинин ниети ЕБ үчүн түшүнүксүз болуп жатканын белгилеп, жакында кабыл алынган “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзамды өлкөнүн биримдикке мүчө болуу жолундагы жетишкендиктер тушундагы артка карай жасалган кадам деп атады. Грузия Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2023-жылы декабрда алган.

XS
SM
MD
LG