Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Байден Украина абадан коргоочу системаларды аларын айтты


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден шейшембиде НАТОнун саммитинде сүйлөп жатып, Украинага зениттик-ракеталык системалар берилерин жарыя кылды.

"Кошмо Штаттар Украина биз экспорттоп жаткан абадан коргонуучу системаларды биринчилерден болуп алышы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт", - деди ал.

АКШ, Германия жана Румыния Киевге Patriot зениттик-ракеталык системасынан бирден беришет. Нидерланд дагы башка өлкөлөр менен чогулуп дагы бирди беришет. Байдендин сөзүнө караганда, Украинага жыл соңуна чейин аймагын Орусиянын ракеталарынан коргоочу жүздөгөн системалар берилмекчи.

Жо Байден Украинаны колдоо уланарын билдирди. Ал Вашингтондо өтүп жаткан саммиттин катышуучуларына кайрылып:

"Путин Украинаны толук баш ийдиргиси келет, украин демократиясына чекит коюп, украин маданиятын жок кылып, Украинаны мамлекет катары дүйнөлүк картадан өчүрүүнү каалайт. Биз билгендей, Путин муну менен токтоп калбайт. Бирок адашпообуз керек: Украина Путинди токтото алат, колунан келет", - деди.

АКШ президенти ошондой эле америкалыктардын көпчүлүгү НАТО альянсы дүйнөнүн коопсуздугун сактарын билишерин белгиледи: "Америкалыктар билишет, биз досторубуз менен чогуу аракеттенген учурда бекембиз".

Украин президенти Владимир Зеленский 9-июлда Вашингтонго баргандан кийин, НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, абадан коргонуучу системаларды, кыргын салуучу учактарды жана кошумча коопсуздук кепилдигин суранарын билдирген. Ал дээрлик согуш башталгандан бери Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга чакырып келген.

XS
SM
MD
LG