Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Бишкекте эки жаңы автобус каттамы киргизилди


Бишкекте каттамдагы автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте каттамдагы автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаада №25 жана №175 автобустук каттамдар 10-июлдан тарта ишке киргизилди.

Мэриянын маалымдашынча, №25 каттам Кара-Жыгач жана Ала-Тоо жаңы конуштарынын ортосунда жүрөт. Автобус Ала-Тоо конушунан Алыкулов көчөсү аркылуу Ак-Ордо конушуна кирип, андан ары Ахунбаев көчөсү аркылуу Манас прспектине келет.

Проспекттен Горький-Анкара көчөлөрү аркылуу Кара-Жыгач жаңы конушуна жетет.

Ал эми №175 автобус шаардын түндүк тарабындагы Маевка айылынан түштүгүндөгү Жаштар кварталына чейин каттайт. Маевкадан чыккан автобус Тоголок Молдо көчөсү менен Жибек Жолу проспектине, андан 7-апрель көчөсү менен Горький, андан 4-7-кичирайондорду аркылуу Байтик көчөсү менен Масалиев проспектине чыгат. Акыркы аялдамасы Жаштар кварталында болот.

Автобустар ар бир линияда 20-22ден болот, ортосундагы аралык 10 минут.

Мэриянын маалымат катчысы каттамдар шаардыктардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууда.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күн сайын 6оодөн ашуу автобус чыгып жатканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG