Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:46

Лаззат Нургожоеванын жигити баңгизат таратууга шектелип кармалды


Президент Садыр Жапаровдун карындашынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастады.

Алагөзов бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Лаззат Нургожоеванын жигити тууралуу маалымат тикучак менен тоого чыгып “кыздын колун сураган” окуядан кийин белгилүү болгонун билдирди.

"Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш-аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы.


Аскат Алагөзов эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталарын кошумчалады.

9-июль күнү айрым маалымат каражаттарында жана соцтармактарда президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити - жакында эле кыздын колун тик учак менен барып сураганы коомчулукта катуу талкууланган Афтандил Сабырбеков 5-июлда синтетикалык баңгизат сатууга шек саналып кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Аны менен кошо дагы он чакты адам кармалганы, баары тергөө абагына камалышканы жазылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG