Австралия киберчабуул жасалганын билдирип, Кытайды айыптады. Өлкөнүн киберкоопсуздук боюнча өкмөттүк агенттиги 9-июлда Кытай колдогон хакердик топ австралиялык эки түйүндүн колдонуучуларынын аттарын жана сыр сөздөрүн уурдаганын билдирди.
Окуя 2022-жылы болгону, бирок аталган хакердик топ дагы эле өлкөнүн киберкоопсуздугуна коркунуч жаратып турганы маалымдалды.
Агенттиктин баяндамасында белгиленгендей, хакерлер APT40 деген аталыш менен иштеген, алар зыян келтирүүчү кибероперацияларды Кытайдын Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин пайдасы үчүн ишке ашырып турган. Бул министрлик Кытайдын тышкы чалгын ишмердигин көзөмөлдөйт. Кытай Австралиянын бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. (RK)
Дагы караңыз
Додон шайлоого катышпасын, евроинтеграцияга каршы талапкерди колдоорун айтты Өспүрүмдөн акча талап кылган деп айыпталган милиция кызматкери камалдыАдвокат абактагы журналисттердин камерасын тинтүү иши боюнча арыз жаздыТИМ Палестинадан үч кыргызстандык өлкөгө жеткирилерин билдирди