Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Өспүрүмдөн акча талап кылган деп айыпталган милиция кызматкери камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте көчөлөрдүн биринен электрондук тамеки чеккени үчүн өспүрүмдү коркутуп акча талап кылган деп шек саналып жаткан 22 жаштагы милиция кызматкери соттун чечими менен камакка алынганын билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуя 5-июлда болгон. Милиция кызматкери өспүрүм балдарга көчөдө электрондук тамеки тартканы үчүн айып пул салам деп коркутуп, 1000 сом алган.

Өспүрүм окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген жана “геморрагиялык инсульт” диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми милиция кызматкери кетип калган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кооптуу абалда калтыруу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Ишти Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы жүргүзөт. ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканы, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынары айтылды.

Жогорку Кеңеш 26-июнда Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Эгер ага президент кол койсо, электрондук чылым колдонгону үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Президент кол коймоюнча мыйзам долбоору күчүнө кирбейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG