Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

ТИМ Палестинадан үч кыргызстандык өлкөгө жеткирилерин билдирди


Тышкы иштер министрлигинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Тышкы иштер министрлигинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Эл аралык миграция уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Палестинадагы Иордан дарыясынын батыш жээгинен Кыргызстандын үч жаранын - жашы жете элек эки баласы бар аялды эвакуациялоо маселеси чечилгенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындан тышкары июнь айында АКШ, Болгария, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия, Сауд Аравиясы, Түркия жана Украинада оор турмуштук кырдаалда калган 27 кыргызстандыктын мекенине кайтуусуна жардам берилген.

ТИМдин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Авир, Венгриянын Будапешт, Орусиянын Красноярск жана Чистополь шаарларында Кыргызстандын эркиндигинен ажыратылып, камакта отурган 44 жараны менен жолугушкан.

Консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Венгрия, Орусия жана Түркиянын сотторунда алты сот отурумуна катышты. Ошондой эле 37 кыргызстандыкты административдик жоопкерчиликтен бошотуу жана алардын жоопкерчилигин жеңилдетүү жолдорун иштеп чыгып, эки адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуусуна көмөк көрсөткөн.

Жалпысынан июнь айында ТИМдин өкүлчүлүктөрү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чет өлкөлөрдүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү менен 22 жолугушуу өткөргөн. Чет жактагы кыргызстандыктарга консулдук кызматтар көрсөтүлүп, консультациялар берилген.

Расмий маалыматка караганда, миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын жалпы саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Анын 410 миңден ашууну Орусияда.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда азайган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG