Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Адвокат абактагы журналисттердин камерасын тинтүү иши боюнча арыз жазды


Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров. Ленин райондук соту. 5-июль, 2024-жыл.
Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров. Ленин райондук соту. 5-июль, 2024-жыл.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан журналисттер Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекееванын адвокаты Улан Сейитбеков камактагы журналисттердин камерасы тинтилип, футболкаларынын алынышы боюнча Башкы прокуратурага, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго арыз берди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирип, арызды сөз болуп жаткан мекемелердин электрондук почтасына 8-июлда жибергенин айтты.

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери 6-июлда тергөө абагында жаткан журналисттер Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекееванын “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазуусу бар футболкаларын алып коюшканы айтылган. Жаза аткаруу кызматы бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган.

Абактагы журналисттер бул кийимдерин 5-июлдагы соттук отурумга кийип келишкен.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Жети киши түрдүү себептер менен эркиндикке чыккан.

Иш кийин Бишкектин Ленин райондук сотуна өтүп, ушул сотто каралып жатат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG