Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Додон шайлоого катышпасын, евроинтеграцияга каршы талапкерди колдоорун айтты


Игорь Додон (солдо) жана Александр Стояногло.
Игорь Додон (солдо) жана Александр Стояногло.

Молдованын мурдагы башчысы, өлкөнүн Социалисттик партиясынын лидери Игорь Додон быйыл жыл соңунда өтө турган президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады. 8-июлдагы билдирүүсүндө ал мурдагы башкы прокурор Александр Стояноглонун талапкерлигин колдой турганын айтты.

49 жаштагы Додон Молдованы 2016-2020-жылдары башкарган. 2020-жылы өткөн президенттик шайлоодо батышчыл саясатчы Майя Сандуга утулган.

Санду бийликке келгенден тартып Орусиядан алыстоо аракетин жана Европа Биримдигине интеграция болуу саясатын жүргүзүп келе жатат.

Додон "партиялык гана кызыкчылыктарды" көздөөдөн баш тартканын, Молдованы "саясий байланышты көздөгөн" эмес, "эл ичинен чыккан" президент башкарса деп каалай турганын билдирди.

Стояногло "саясатчы эмес" экенин билдирип, Молдованын азыркы өкмөтүн евроинтеграцияны алдыга сүрөөдө, өлкөнү "милитаризациялоодо" деп айыптап жатат.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда. Ал Орусиянын Украинага кол салуусун дароо айыптап, быйыл жазында Deutsche Welle басылмасына курган маегинде "Эгер Путинди токтотпосо, ал андан ары кетет" деп айткан.

Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылы 14-декабрда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG