Воронежде дрон чабуулунан курал-жарак кампасы өрттөндү

Учкучсуз учак

Жекшембиге караган түндө учкучсуз учактар Орусиянын Воронеж облусунун Подгорены районундагы "жардыргыч заттар" сакталган кампага чабуул жасаганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Облус губернатору Александр Гусев дрондор атып түшүрүлгөнүн, өрт алардын сыныктары кулаган учурда чыкканын жазды.

Гусевдин сөзүнө караганда, өрттөн жарылуулар башталган. Жабыркагандар жок, аскерлер жана атайын кызматтар өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат.

7-июлда Москва убактысы менен 10:00 чамасында, кампа жайгашкан айылда чукул кырдаал режими киргизилип, автоунаа кыймылына чек коюлду. Тургундарды коопсуз жакка көчүрүү иштери башталды. Губернатордун маалыматына караганда, кампадагы жарылуудан улам сарай күйгөн.

Орусиянын Коргоо министрлигинин эртең мененки маалыматына караганда, Воронеж облусуна жасалган чабуул тууралуу сөз жок. Анда Белгород облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн бир гана дрон тууралуу жазылган.

Орусиянын Украина менен чектешкен аймактары акыркы айларда дрон жана ракеталардын соккусуна арбын кабылууда. Орусия бул үчүн Украинаны айыптайт. Украин бийлиги мындай айыптоолорго адатта жооп бербейт.

Дагы караңыз

Газадагы согуш: Борбор Азия арачы боло алабы? Орусия он балбаны Олимпиадага баруудан баш тартканын жарыялады Орусияда "террорчу жана экстремисттер" тизмесинде 79 өспүрүм барТашиев менен Ятимов Тажикстанда чек ара маселесин талкуулады УКМК кармалган деструктивдүү топтун өкүлдөрү "бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн" билдирди Чуңкурчуктагы окуя: Милиция Fly Jump спорт комлексинин ээсин кармады